Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстанда спорт кабарчысынын үстүнөн сот иши башталды


Белгилүү спорт баяндамачысы Кайрулла Хамидов менен катар дагы 14 кишиге тыю салынган исламдык уюмга мүчө деген айып коюлган. Азаттыктын өзбек кызматы билдиргенге караганда, сот иши Ташкендин жанындагы Гүлбахор шаарында өтүп жатат. Айыпталуучуларга “тыюу салынган коомдук же диний уюмду уюштурган же анын ишине күжүрмөн катышкан”, “коомдук тартипке жана коопсуздукка коркунуч келтирүүчү адабиятты басып чыгарып, же таркаткан” деген айыптар тагылууда. 34 жаштагы Хамидов исламдык үналгы программасы, футбол боюнча комментарийлери жана акындыгы менен кеңири таанылган. Анын жыл башында камакка алынышы Өзбекстанда күтүлбөгөндөй кеңири нааразылыкты жаратты. Айыптуу деп табылса булар беш жылга кесилиши мүмкүн. Соода жабык эшик артында өтүүдө. Азаттыктын кабарчылары Ташкенден Гүлбахорго баруучу бардык жолдорду тартип коргоочулар көзөмөлдөп тургандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG