Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Казакстанда 1-май демонстрациясына тыюу салынды


Азаттыктын казак өкмөтүнө ылайык, Алматы, Астанада бийликтер оппозициядагы Элдик Бийлик блогунун демонстрация өткөрүүгө берген арызын канааттандыруудан баш тартышты. Элдик Бийлик бирикмеси коммунисттерден жана катталбаган "Алга" партиясынан турат. Алганын маалымат кызматы бүгүн журналисттерге билдиргендей, уруксат алынбаса да Элдик Бийлик ушул ишембиде, Эл аралык эмгекчилер күнүндө "Алганын" Алматыдагы кеңсесинде нааразылык акциясын өткөрөт. 20-апрелде Элдик Бийликтин жетекчилери 1-майда демонстрация өткөрүү салтын кайра жандандыруу ниетин жарыялаган. Советтик доордо бул күнү демонстрацияны бийликтер уюштуруп, ага мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик ызматкерлер жана коомдук уюмдар милдеттүү түрдө катышууга тийиш болгон.

XS
SM
MD
LG