Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кыргызстандык актерлер Нью-Йоркто


Кыргыз актерлеру украин өнөрпоздору менен бирдикте New York шаарындагы "LaMaMa" театрында “Скиф таштары” (Scythian Stones) спектаклин 16-апрелден бери коюп жатышат. Байыркы шумер доорун камтыган бул эпикалык чыгарманын жаралышына Украина менен Орто Азия аймагында табылган скиф таштары түрткү болгон. Анда ааламдашуу элдик ырларды, тил, урп-адат, салт санааны жок кылып баратканы белгиленген. Спектакль кыргыз, украин, англис тилдеринде коюлуп, актриса Кенжегүл Сатыбалдиева “Арман” ырын комуздун коштоосунда үн созуп, Айнура Качкынбек кызы элдик ырларды аткарууда. Бул долбоорду Virlana Tkacz менен Watoku Ueno ишке ашырган. “Скиф таштары” New Yorkто 2-майга чейин көрсөтүлөт. Бул тууралуу актриса Кенжегүл Сатыбалдиева билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG