Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Шанхайда Дүйнө көргөзмөсү 2010 ачылууда


Эки жүздөн ашуун өлкө жана эл аралык уюмдар катышуучу көргөзмө октябрь айына чейин созулат. Бул мезгил аралыгында көргөзмөнүн павилиондорун 70 миллиондой адам көрүп чыгары күтүлүүдө. Быйылкы дүйнөлүк көргөзмө “Мыкты шаар, мыкты жашоо “ деген ураан астында өтүп жатат. Анын конок ээси болгон Шанхай шаарында 18 миллион адам жашайт жана ал дүйнөнүн эң ири 10 шаарынын катарына кирет. Кытай өкмөтү, жергиликтүү маалымат каражаттарынын эсебине караганда, көргөзмө өтүүчү жайдын курулушу, анын инфраструктурасы үчүн 58 миллиард доллар сарптады. Көргөзмөнүн ачылыш аземине айрым дүйнө лидерлеринин, анын ичинде орус президенти Дмитрий Медведевдин, француз президенти Николя Саркозинин катышуусу белгиленген. Ачылыш аземи масштабы жана кеткен чыгымы жагынан 2008-жылкы Бээжин Олимпиадасыныкына барабар болот.

XS
SM
MD
LG