Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Грекиянын тагдыры Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүүлөргө көз каранды


Өлкө премьер- министри Георгиос Папандреунун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, “өлкөнүн жашап кетүүсү” Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору менен карыз боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына көз каранды болуп турат. Грекия алар менен 45 миллиард доллар насыя алуунун шарттарын сүйлөшүүдө. Карызга баткан грек өкмөтүнүн айтымында, өлкө дефолтко кабылбаш үчүн акча 19-майга чейин берилүүсү керек. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү сүйлөшүү аяктоо алдында турганын билдирүүдө.

Кечээ борбор Афинанын чет жакасында полиция күчтөрү демонстранттар менен кагылышты. Көчөгө чыккандар өкмөт Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунунан насыя алышына каршы. Алар мындан улам катардагы жарандар үчүн катаал чаралар киргизилет деп эсептешет. 5-май күнү Грекияда кезектеги жалпы элдик иш таштоо өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG