Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Прокуратура органдарына жаш юристтер жардамчы катарында ишке тартылат


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма-сөз кызматы Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө жана мыйзамдуулукту камсыздоодо жаштардын ролуна өтө чоң маани берүү менен Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев райондук прокуратураларга жаш юристтерди коомдук башталышта жумушка тартуу жөнүндө атайын буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, райондук прокуратураларда беш коомдук жардамчы болушу мүмкүн. Бул прокуратура органдарында иштегиси келген жаштарга мүмкүнчүлүк берип, прокуратура кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарын аткаруусуна чоң көмөк көрсөтөт жана мыкты даярдыктан өтүп, өз алдынча чечим кабыл ала билген жоопкерчиликтүү жаш юристтерге азыркы иштеп жаткан прокурорлордун жолун жолдоочу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Прокуратура органдарына коомдук жардамчы катары кабыл алуу областтык, Бишкек жана Ош шаардык прокурорлору тарабынан, райондордун прокурорлорунун сунушунун негизинде “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын коомдук жардамчылары жөнүндөгү” Жободо бекитилген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

Прокуратура органдарына коомдук жардамчы болууну каалаган жаш юристтер, жашаган же окуган жери боюнча жергиликтүү прокуратура органдарына кайрылышса болот. (KC)

Прокуратура органдарынын жетекчилеринин сунушунун негизинде, берилген тапшырмаларды так аткарып, өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө алган жаш юристтер прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG