Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Бакиевдин издөө салынган жакындары чек арадан түрдүү жолдор менен өтүп кетиши мүмкүн


Чек ара кызматы мындайды жокко чыгара албай турганын бүгүн Оштогу басма сөз жыйыны учурунда аталган кызматтын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

-Ар түрдүү жолдор менен чыгып кетиши мүмкүн. Биз өткөн жок деп тастыктап айта албайбыз. Бирок өткөрүү пункуттарынан Бакиевдин үй-бүлөсү же аларга жакын адамдар өткөн жок.

Чолпонбек Турусбеков кошумчалагандай, азыр Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстан менен гана чек арадагы өткөөл бекеттер ачык. Ал эми Казакстан менен Өзбекстан бүгүнкү күнгө карата да бекеттерин жабык кармоодо. Алар чек араны 7-апрелдеги окуялардан кийин бир тараптуу түрдө жапкан. Башкы прокуратура ошол күнкү кан төгүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевге, баласы Марат Бакиевге сыртынан айып тагып, издөө жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG