Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Орусия Украинага газ компанияларын бириктирүүнү сунуш кылды


Орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин жарыясына караганда, ал мындай сунушту украин кесиптеши Николай Азаров менен Сочидеги жолугушуусу учурунда жасады. Жолугушуу эки өлкөнүн алакасын кайра кароо багытындагы жыйындардын кезектегиси болду. Эми Орусиянын “Газпром”, Украинанын “Нафтогаз” компанияларынын жетекчилиги бул сунушту май айындагы майрамдардан кийин талкууламакчы. Бул тууралуу “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер билдирди. Мунун алдында Украина Орусиянын Кара деңиз флотунун ижара мөөнөтүн мурдагы келишимде каралгандан дагы 25 жылга узартууга көнүп, Москва анын ордуна газ баасын 30%га арзандаткан. Сочидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин Орусиянын ВТБ банкы Украинанын кризиске кабылган экономикасына жардам көргөзүү үчүн 500 миллион долар насыя берүүгө даяр экендигин да билдирди.

XS
SM
MD
LG