Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстан: алгачкы антикоммунисттик демонстрацияга 20 жыл толду


Мындан туура жыйырма жыл мурун 1-майда азыркы Бишкек, мурунку Фрунзе шаарында жигердүү кыргыз жаштары өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана демократиялык өнүгүү жолуна түшүшүн талап кылып, парад маалында демократтар колоннасын уюштурган. Борбордук аянт аркылуу эл алдында басып өтүшкөн.
Бул демонстрацияга катышкандардын бири Бекболот Талгарбеков “Азаттыкка” ал кездеги жаштардын талаптары азыркы жаштардын ой-мүдөсүнө шайкеш болгонун айтты. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда расмий иш-чаралар уюштурулган жок.
Бул 20 жыл илгерки тынч нааразылык жүрүшүн жана демонстрацияны уюштурган негизги уюм – 1990-жылы апрелде уюшулган “Асаба” кыймылы эле. Анын ал кездеги жетекчиси - азыркы кыргыз ишкери Кадыр Матказиев болгон (учурда ал Орусияда жашайт).
Оболу Бишкек полициясы тынч жүрүшкө тоскоол кылууга аракет кылган, бирок сүйлөшүүлөрдөн соң ага уруксат берилген.
Бул окуядан соң көп узабай “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (1990-жылды 25-майда) уюшулган. Ага “Асаба” уюму”, “Ашар” козголушу, бир катар башка чакан партиялар жана бейөкмөт уюмдар, демократиялык маанайдагы интеллигенция өкүлдөрү, студенттер, жумушчу жаштар баш кошкон. (EBM)

XS
SM
MD
LG