Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Алгачкы антикоммунисттик демонстрацияга 20 жыл толду


Апрель акцияларынын негизги күчү жаштар болду

Апрель акцияларынын негизги күчү жаштар болду

Мындан туура жыйырма жыл мурун 1-майда азыркы Бишкек, мурунку Фрунзе шаарында жигердүү кыргыз жаштары өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана демократиялык өнүгүү жолуна түшүшүн талап кылып, парад маалында демократтар колоннасын уюштурган. Борбордук аянт аркылуу эл алдында басып өтүшкөн. Ушул окуяларга түздөн түз катышкан Бекболот Талгарбеков жана Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттык" студиясында жаштар менен баарлашып, өздөрүнүн эскерүүлөрүн бөлүштү.

“Азаттык”: Бекболот мырза демократтар колоннасы кантип уюшулуп калган, ушул туурасында кеп салып берсеңиз?

Бекболот Талгарбеков: Ал кезде жаштар өзүбүзчө уюшуп ар кандай чакан топтордон болгонбуз. Мен негизгилеринен айтып берсем. "Ашар" деген кыймыл болгон. Ошондой эле Илимдер академиясында Абдыганы Эркебаев, Турар Койчуев сыяктуу интеллигенттер кирген дагы бир кыймыл болгон. Өзүм Илимдер академиясында илимий кызматкер болчумун, бирок жаштар менен биригип өзүнчө иш алып барганбыз. Бир күнү ушундай деп чечтик, Биринчи май демонстрациясына жаштар өзүбүзчө катышалы деп.

Кыргызстандын коммунисттик партиясына барсак, ал жерден эч ким кабыл албай койду. Жогорку Кеңешке барып Држак деген бөлүм башчысы менен жолукканбыз. Ага айттык, биз эртең демонстрацияга чыгабыз деп, ал кезде атайын Москвадан алынган, ага уруксаат берилбеген мыйзамдар кабыл алынган, ошого такап ал киши айтты уруксаат жок экенин. Ан үчүн биз эки жума мурун арыз ташташыбыз керек эле. Арызды карап көрүп анан уруксаат же уруксаат эмес дешчү, негизинен берилчү эмес. Биз уруксаат берилбесин билебиз да, ошон үчүн биз айттык сиздерден уруксаат сурайлы деп келген жокпуз, болгону кабардар кылып коелу деп чечтик, себеби дегенде ошол биздин атуулдук укугубуз деп. Эртеси күнү биз топтолдук, Совет көчөсүнөн бизди бир жүзгө жакын милиция тосууга аракет кылды, бирок биз жарып өтүп кеттик, өтө катуу кагылышуу болгон жок.

“Азаттык”: Ушул жерден сиз менен чогуу баскан катарлашыңыз Тынчтыкбек Чоротегин мырзанын дагы ушул сиздерден алдыңыздардан тосун чыккан милициядан кандайча өткөнүңүздөр тууралуу уга кетели?

Тынчтыкбек Чоротегин: Ошол кезде алдыбызда тура калган полициянын тобунун башчысы Абдыбек Суталинов болчу, кийин ал Конституциялык Соттун мүчөсү да болуп кетти. Ал бизди токтотуп улам рация менен кимдир бирөөлөрдөн уруксаат сурап атты, көрсө ага уруксаат берген ошол кездеги Бишкек шаардык полициясынын башчысы Феликс Кулов болгон экен.

Биз, албетте, өзүбүз жактан кепилдик бердик бул демонстрация тынч мүнөздө болот, эч кимде курал жок, тек гана биздин талабыбыз өзүбүздүн ураандарыбыз менен Бишкектин негизги көчөсүнөн Ала -Тоо аянты аркылуу тынч өтүп кетүү. Биз үчүн өтө олуттуу кадам болгон, себеби ошол аркылуу ошол учурдагы Абсамат Масалиев жетектеген коммунисттик партиянын жергиликтүү режимине мындайча айтканда жаңы күч, жаңы идеялар келе жатат деп кыр көрсөтүү, жаңы уюм түзүлдү деп элге жарыя кылуу болчу. Бир нече ушундай максат мүдөөсү бар эле. Анан акырын кайрадан бизге уруксаат бергенден кийин, ушунчалык элдин делебеси козголуп, шыктанып шаңдуу түрдө Ала-Тоо аянтынан өттүк.

Кээ бирлер колдоп атты, кээ бирлери таң калып карап турушту, айтор ар кандай болду. Баарынан кызыгы мен чоң трибунада Лениндин эстелигинин алдында бизди карап турган Абсамат Масалиев мырзанын өзүн дагы көрдүм, ал кезде кандай кабыл алды экен деп карадым. Ал бизди жактырбагандай кылып карап турду, себеби биз коммунисттерче кызыл желек менен чыккан жокпуз, көк асабаны көтөрүп чыктык. Демократия болсун деген сыяктуу ураандардын бардыгын көк материалга жазып чыктык, ушулардын баардыгы өзгөчө айырмаланып турду. Атаандаш альтернативалык саясий күч катары бул демонстрациянын катышуучулары өздөрүн ошол күнү жакшы көрсөтө алды го деп ойлойм.

“Азаттык”: Көк асаба, көк түстөгү транспаранттар менен чыгыптырсыздар, ошол көк асабада кандай чакырык, сунуш талаптар жазылды эле?

Бекболот Талгарбеков: Биздин ошол кездеги койгон талаптарыбыз негизинен эки нукта болчу, биринчиси кыргыз улутунун маселелери, өзгөчө жаштардын маселелери. Бул жерден эң негизгиси кыргыз тилин мамлекеттик тил кылуу жана ошол кыргыз тилин бардык жерден колдонуп өнүктүрүү. Экинчиси маселе, шаарда кыргыз жаштары квартирант катары жашачубуз, баарынын үйү жок болчу, ошон үчүн турак жай маселелерин чечүү зарыл болчу.

Үчүнчү маселе - кыргыз жаштары жумушчу табында жокко эсе болчу, мына ушул кыргыз жаштарынан жумушчу табын калыптандыруу сыяктуу, кыргыз улутунун түпкү кызыкчылыктарын көздөгөн биринчи нуктагы талаптарыбыз бар болчу. Экинчи нуктагы талаптар болсо жалпы мамлекеттин, элдин талаптары эле. Биринчи кезекте өзүбүздүн өлкөнүн суверендүүлүгү, демократия боюнча дагы чакырыктарыбыз бар болчу. Себеби дегенде адам укугу, сөз укугу дегендер бизге жетип, ошонун негизинде сөз болуп аткан.

“Азаттык”: Ушундай талаптарды коюу менен бирге эле ошол эле маалда коммунисттик режим жоюлсун деген талаптарды койгондой болгон турбайсыздарбы. Ошол кездеги коммунисттик режимдин башында тургандар сиздерге андан кийин кандайдыр бир кысым куугунтуктоолорду көрсөткөн жокпу?

Бекболот Талгарбеков: Андан кийин эмес, ага чейин кысым кылып келишкен, биз дайым коркунуч алдында иш-аракет кылып келгенбиз. Бирок ошол активисттер, мындайча жалпак тил менен айтканда, жаныбызды сайып койгонбуз бардык коркунучка. Балким, камап, жада калса өлтүрүп салышына дагы кайыл болчубуз, себеби дегенде биз өзүбүздүн өлкөбүздүн, кыргыз улутубуздун келечеги үчүн күрөшүп атканыбызды жакшы билгенбиз.

“Азаттык” : 90-жылдары сиздердин убакта демоктарттардын колоннасы парадка чыгышы кандай чагылдырылды?

Бекболот Талгарбеков: Ал учурда биздин чыгышыбызды чагылдырыш эч мүмкүн эмес болчу, себеби дегенде ал кезде эркин гезиттер же болбосо массалык маалымат каражаттары болгон эмес. Ошондуктан бар болгону, биздин шаардагы жаштардын арасында эле мындай кеп аңыз катары тарады. Ал эми биз болсо сөз эркиндигин кандайдыр бир деңгээлде көрүп калдык, ошондуктан кийин сөз эркиндигин муунткан учурлар, албетте 7-апрелдин келип чыгышына кандайдыр бир түздөн-түз себептердин бири болду деп айтууга болот.

“Азаттык”: Ошол кездеги демократтар колоннасынын иш аракетинин чагылдырылышы тууралуу Тынчтыкбек мырзадан дагы уга кетели?

Тынчтыкбек Чоротегин: "Вечерний Бишкек" гезити кичинекей бир сүрөт чыгарган биздин транспаранттагы "Демократияга жол берилсин" деген сыяктуу сөздү фотомонтаж менен өчүрүп салып чыгарышыптыр. Бул дагы ошол доордогу басма сөздүн жаңы идеаларга карата мамилесин көрсөтөт. Ал кезде, албетте, бардык маалымат каражаттары коммунисттик партиянын көзөмөлү астында болчу.

“Азаттык”: Азыр сиздин жаныңызда биздин студияда "Ак эмгек" жаштар кыймылынын мүчөлөрү дагы отурат, булар 7-8-апрелде ак үйдү кайтарууга дагы салымдарын коюшуп, азыр мамлекетке бир катар талаптары менен чыгып атышат. Рустам силердин талаптр кандай болуп атат?

Рустам Садыров: Биздин талап жаштар 7-апрелде кандай күч экенин көрсөттү, анан биз жаштар министрлиги түзүлсүн, анда жаштардын 40 пайызы иштесин, ар бир региондордо жаштардын өкүлчүлүктөрү ачылсын деген талаптарды коюп жатабыз.

“Азаттык”: Бакыт Орунбеков талдоочубуздун дагы пикирин алып койдум эле, жаштардын азыркы коюп жаткан талаптары тууралуу ошону да уга кетели.

Бакыт Орунбеков: Менимче ал убакта уюшкандык барбы деп ойлойм. Ар кандай конкреттүү уюмдарга биригип алып, анан ушул уюмдар аркылуу талаптарды коюп чыгышкан. Мындай бир уюмга бириге алганбыз да, "Кыргызстан демократиялык кыймылына". Ал эми азыркылар болсо мындай уюшкандык болбой, ички амбициялары аябай чоң болуп атат, дароо эле 40 пайыз бийликти бер деп атышпайбы.

Мисалы үчүн идеялар жана программалар менен элге чыгып көрсө жакшы болот эле. Азыр эми жөнөкөй коомдук уюм дагы, партия дагы түзсө дагы аябай жакшы болот. Анткени кечээ күнкү жаштардын эки күндүк форумунда кыйкырып бири-бирин укпай жулунуп аткан балдар көп болуп атат. Азыркы оор кырдаалдан пайдаланып умтулуп аткан айрым өкүлдөр барбы деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыр коомчулукта 7-апрелдеги окуялардан кийин жаштардын 40 пайыз орундар берилсин деген талаптары реалдуу эмес деген өңдүү ой-пикирлер айтылып атат. Мындай пикирлерге сиздерде кандай жүйөөлөр бар?

Ашырбеков Раджип: 7-8-апрелде өзүңүздөр деле теледен көрүп жаттыңыздар, кандай кыйынчылык болду. Ал жерде ар ким ар кандай ойлоп атат, булар өздөрү уюшуп алып өздөрүнүн арасынан 40 пайыз деп ойлогондор бар жолду. Эң негизи биздики деле жаштарды чогултуу. Биз азыр иштеп жатабыз. Ар бир областтарга, ар бир региондорго барып жаштарды чогултуп, чогуу талкуулап атабыз.

Оштон келген жаштар бар, Таластан, Баткенден келгендер бар. Ошолор азыр ой-максатын бирине-бири түшүндүрө албай жатат. Ошону биз аракет кылып, түшүндүрүп жатабыз

“Азаттык”: Бекболот мырза, жаштарды көрүп жатасыз, сиз деле байкап атсаңыз керек, 90-жылдардагы жаштардын активдүүлүгү менен кийинки соңку мезгилдеги көптөгөн кыймылдар пайда болуп атат. Ошол мезгил менен салыштырсак болот го. Анан сиздердин учурдагы жаштар менен азыркы жаштардын коюп жаткан талап мүдөөлөрүнүн ортосунда айырмачылыктар, окшоштуктар барбы?

Бекболот Талгарбеков:
Албетте, бар. Алгач окшоштук жагына мен токтолуп кетким келип атат. 90-жылдагы жаштар дагы, азыркы жаштар дагы бул мекенине кайдыгер карабаган мекен сүйүүчүлүк сезими өтө өөрчүгөн чыныгы патриоттор экенин далилдешти десем болот. Бирок азыркы жаштарга таазим этким келет себеби, ошол кезде биз күрөшүп атканда, башка себептер менен союз урап калып бизге жеңиш бир туруп асмандан түшкөндөй болуп калган.

Азыркы жаштар болсо өздөрүнүн канын төгүп кыргыз элине жол ачып беришти. Ошон үчүн мен биринчи кезекте азыркы 2010-жылдагы муундарга биринчиден таазим этем жана учурдан пайдаланып курман болуп кеткен жаштардын ата-энелерине, жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып кетким келет.

Эми айырмачылыгы мындай болуп атат. Ал кезде биздин бийликке келүүгө таптакыр даярдыгыбыз болгон эмес. Себеби деген ал кезде тоталитардык режим абдан күчтүү болуп, ар бирибизди өз ордубузга дайым коюп турган. Ошондуктан бизде мамлекеттик башкаруу жөнүндө негизинен түшүнүгүбүз жок болчу.

Бизге мамлекеттик башкаруу боюнча талап коюуга ал кезде күчүбүз, дараметибиз оюбуз жеткен эмес. Кийин аздан-аздан болуп жетекчилик ар кандай мамлекеттик кызматка бирин- сериндеп киргенбиз. Ал эми азыркы жаштарга жаңы кабыл алынып аткан конституция кеңири жол ачып берип атат.

Экинчи 40 пайыз дегенине мен кошула албай атам, азыр жаштар бийликке келебиз десе кыргыз эли толугу менен колдоп берет. Андай болсо 40 пайыз эмес 100 пайыз бийликти алыш керек дагы, өздөрүнүн программаларын ойлорун аткарыш керек. Ал кезде бизде андай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эгер жаштар өзүнчө күч болсо ошолорго добуш берет элек деген ой пикир күчтүү.

“Азаттык”: 7-апрелден кийин жаштардын коюп жаткан талаптары тууралуу Тынчтыкбек Чоротегин мырзанын дагы пикирин уга келели.

Тынчтыкбек Чоротегин: Эгерде жаштардын арасынан бийликке келүүгө татыктуу, башкарууга даярлары болсо, аларды жаштайынан эле тартууга болот. Бирок демонстрацияга чыккан же ыңкылапка катышкан жаштардын бардыгы тең эле бийликти көксөп жасап жаткан жок да. Маселен, өзүнүн тарыхый милдетин аткарып алып, андан кийин өзүнүн иштеп же окуп жаткан жерине кайтып барып, өмүрүн кечирген миңдеген, жүз миңдеген кишилер болду, ошолордун арасында далай жаштар болду.

Демек, азыр дагы бир чети айрымдары ушундай баалашы мүмкүн, ушул ыңкылапка катыштык деп иши кылып бийликти сагалап, бийликти сааган дурус эмес дегендери бар. Ошол эле убакта жаштардын арасында татыктуу реформаторлор чыкса, алар коомду өзгөртүүгө жигердүү салымын кошушу мүмкүн, ошол үчүн ал жагын да караш керек.

Менин оюмча жаштарга дагы чоңдор сыяктуу эле чоң талап коюлушу керек, сен ошол жаатта кесипкөйсүңбү, профессионалсыңбы же дилетантсыңбы. Дилетант болсоң, демонстрацияда канча жолу кыйкырып жакшы сөз сүйлөсөң дагы тиешелүү тармакка сен алынбашың керек. Мына ушундай эле жагдай менен караш керек.

“Азаттык”: 90-жылдын башында жаш тарыхчылар жамаатынын жетекчилеринин бири болуп турган Тынчтыкбек Чоротегиндин пикирин уктук. Раджип сенде кандай ой пикир пайда болду?

Ашырбеков Раджип: Бул айтылгандар деле туура, бул жерде 7-апрелде болуп өткөн окуяда ар кандай адамдар болду. Ак үйдүн ичинен 8-апрелде элди тышка алып чыкканбыз 200-300 дөй бала калып. Ошонун арасынан 12-апрелге чейин 160 бала калдык. Эми ал балдардын арасында ар кандайлар бар, кээ бири окуган, бирөө окубаган, жада калса паспорту жок адамдар.

Тынчтыкбек байке айткандай, биздин арабызда деле билимдүү-илимдүүлөр дагы бар экен. Бирок бийлик деген жаштар менимче аз. Биздин ой-максат - чындыкты сүйгөн чынчыл адамдар, жаштар бийликке келсин.
XS
SM
MD
LG