Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Кыргызстанда Жаштар кеңеши түзүлөт


Жаштар кеңешин уюштуруп жаткандардын маалымдашынча, жаңы түзүмдүн алдында эки жүзгө чукул жаштар уюмдары бирикмекчи. Бүгүн кеңештин уюштуруучулары өз максат-милдеттери тууралуу маалымат жыйын өткөрүшөт. Убактылуу өкмөт Жаштар иштери боюнча өзүнчө министрлик түзүлөрүн билдирген болчу. 30-апрелдеги жыйынында жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу боюнча кыска мөөнөттөгү окутуу тууралуу программа кабыл алган. Ага ылайык, жүздөй улан-кыз жогорку мамлекеттик кызматка даярдалат. Дагы төрт жүзү жетектөөчү жана башкы адис болуу үчүн билимин жогорулат. Ошондой эле эки миңдей жаштар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасында иштөө үчүн окутулмакчы. Бул программа Орусиядан келген гранттын негизинде ишке ашат. (EBM)

XS
SM
MD
LG