Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

К. Жороевдин жактоочулары А. Атамбаев менен жолугушат


Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-президент Курманбек Бакиевдин аппарат башчысы Каныбек Жороевдин тарапкерлеринин бири Маарпат Ташболотова билдирди. 1-майда К. Жороевдин жүздөй жактоочусу Жогорку Кеңштин алдында тынч нааразылык акцияга чогулушкан. Алар президенттин мурунку аппарат башчысынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Башкы прокуратура 29-апрелде К. Жороев сурак бергени келгенде камакка алынганын кабарлады. Экс-президенттин мурунку аппарат башчысы апрельдеги кандуу окуяларга байланыштуу кызматынан пайдаланган деп айыпталып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG