Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандагы абал талкууланат


Жыйынга катышуу үчүн курамы убактылуу өкмөт тарабынан бекитилген делегация Женевага жөнөп кетти. БУУнун Адам укуктары кеңешинин бүгүн ачылып жаткан сегизинчи сессиясында, адам укуктарынын абалы Мезгилдүү универсалдык баяндама деген жараяндын алкагында каралуучу 15 өлкө ичинен Кыргызстан биринчи сапта турат. Сессиянын иши 14-майга чейин созулат. БУУнун Адам укуктары кеңешинин бул иш –чарасы Кыргызстанда бийлик алмашканга чейин эле мерчемделген болчу. Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат башчысы Эдил Байсаловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Женевага кеткен өкмөттүк делегацияга бийлик алмашкандан кийин өлкөдө кырдаал өзгөргөнүн эске алуу менен көрсөтмөлөр берилди:

-Мурунку беш жыл үчүн азыркы өкмөт жооп бербейт. Роза Отунбаева делегациябызга келерки беш жылда кандай реформалар болору, кандай ниетибиз бар экендиги жөнүндө айтуу боюнча тапшырма берди.

Өкмөттүк делегацияга чейин БУУнун Адам укуктары кеңешинде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасап келген. Ал 7–апрелден мурда болгон.

XS
SM
MD
LG