Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Р.Отунбаева ИИМ кызматкерлери менен жолугушту


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Милиция Академиясындагы тартип коргоо кызматкерлери менен болгон жолугушууда ички иштер тармагында олуттуу реформа жүргүзүлөрүн, милиция эми полиция болуп түзүлөөрүн, алар эл үчүн кызмат кылуусу керектигин, тартип коргоо кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн төрайымы 7-апрел ыңкылабынын келип чыгыш себептерин, Конституциянын өзгөртүлүшү тууралуу айтып, Убактылуу өкмөттүн алдыдагы иш аракеттерине токтолду. (AJ)

XS
SM
MD
LG