Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү


Бул күн БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген. Бул чечим “Дүйнө жүзүндө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу жөнүндө” 1991-жылы ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган. 3-майды Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү деп белгилөө 1991-жылы африкадагы басылмалардын плюрализмин жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча ЮНЕСКО менен БУУнун Намибияда уюштурган семинарындагы Виндхук декларациясында жактырылган.
Эл аралык уюмдар Кыргызстанда акыркы мезгилдерде сөз эркиндигине кысым болуп, тынч жыйындарды өткөрүү чектелип, бир катар басылмалар жабылгандыгын билдиришкен.
Апрел ыңкылабы аркылуу оппозициянын бийликке келиши менен көз карандысыз басылмалар эркин чыгып, Убактылуу өкмөт Улуттук телерадио корпорациясын Коомдук телевидениеге айландыруу боюнча декрет кабыл алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG