Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Б. Ибраев: К. Бакиевди Минскиден алып келүү үчүн кескин чаралар көрүлөт


Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев.

Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев тергөө органдары тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү далилдер топтолгонун, жакын арада аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кескин чаралар көрүлөөрүн билдирди.

- Өткөн жумада мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппарат башчысы Каныбек Жороев камалды. Андан мурдарак мурунку ички иштер министри Молдомуса Конганитев кармалган эле. Соңку камоолор боюнча түшүндүрмө берсеңиз, себеби муну айрымдар куугунтук катары да сыпаттап жатышат?

- Кыскача айта кеткенде, чынында эле өткөн жумада мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жана мурунку президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев кармалып, баш коргоо чарасы катары камакка алуу тандалды. Бул адамдар өзүңүздөр билгендей, 7-апрель күнү биздин өкмөт үйүнүн алдындагы митингге чыккан адамдардын арасынан каза болгон 85 адам жана оор жаракат алган адамдар боюнча козголгон иштин тегерегиндеги тергөө аракеттери жүрүп аткан маалда кармалып атат. Аларга кандуу окуяга тиешеси бар деген күнөө коюлган. Ошол иштин тегерегинде кармалып, камакка алынды.

- Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ден-соолгуна байланыштуу ооруканага которулганы маалым. Ага карата тергөө иштери качан башталат?

- Тергөө иштери кылмыш иши козголгон замат эле башталган. Ал эми камакка алган бул дагы бир тергөө аракети болуп эсептелет. Тергөө иштери мурун иш козголгон маалда эле башталып, М.Конгантиев өзү суракка алынбаса дагы, ошол иштин тегерегинде жүрүп аткан башка күбөлөр суралып аткан, экспертизалар дайындалып аткан. Ал эми М.Конгантиев кармалган күнү эле тергөө тарабынан суракка алынган.

- Башкы прокуратура К. Бакиевдин Минскиден алып келүү аракеттери башталды деп кабарларды эле. Бул жаатта иштер кандай болуп жатат?

- Мунун дагы өзүнүн процедурасы бар. Азыр тергөө органдары тарабынан баардык мурунку президентке тиешелүү далилдер топтолуп калды деп айтсам жаңылбайм. Жакынкы арада ал кишини алып келүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштайт.

- Бул боюнча Белорусиянын пикирин билүү мүмкүнчүлүгү барбы, алар кандай реакция кылышы мүмкүн?

- Алдан ала кандайдыр бир божомолдоого тергөө органдары, укук коргоо органдары эч качан аралашпаш керек. Себеби саясат болуп кетиши мүмкүн. Биз мыйзам жолу менен алар менен кызматташууга толук укугубуз бар. Ал мамлекеттин прокуратура кызматы менен жана башка укук коргоо органдары менен биз кол койгон келишимдер бар. Ошол келишимдердин негизинде биз кайрылабыз, кандай реакция болот, аны убагы келгенде көрөбүз.

- К. Бакиевдин жакындарына жыйырмадан ашуун кылмыш иши козголгонун маалымдадыңыздар эле. Ушул тууралуу маалымат бере кетесизби?

- Биз күн өткөн сайын таң калуу менен бир чети иш козгоп атабыз, бир чети ушундай жыйынтык болот деп биз эле эмес кыргыз эли шектенген эмес деп ойлойм. 20дан ашык иш козголду. Себеби банктардагы биздин жарандардын атына ачылган банктын ячейкаларын текшерген маалда биз маалымат берип атпадыкпы. Мисалы мурунку коргоо министри Калыевдин атына ачылган ячейкадан бир канча миллион доллар табылды. Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн, коргоо министри болуп иштеп жүргөн адамдын ячейкасынан 8-9 млн. доллар табылып атса, башка, мисалы финансы тармагында иш аракет кылып жүргөн Максим Бакиев жөнүндө айтпай эле койсок болот.

Ушулардын ячейкаларын текшергенде акча гана эмес, башка дагы тергөөнү кызыктыра турган көптөгөн документтер чыкты. Бишкек шаарына тиешелүү 1-Май, Ленин, Свредлов, Октябрь райондорунун, салык кызматынын негизги мөөрлөрү табылып алынып атпайбы. Эмне үчүн бул бирөөнүн колунда, же бирөөнүн ячейкасында жатышы керек. Мунун баары жөн эле жаткан эмес да, мунун баары ошонун жардамы менен финансалык чоң-чоң кылмыштарды жасаган дегендик. Ушул документтерди жана башка буюмдарды тапкан сайын биз териштирип келип, толук, объективдүү териштириш үчүн кылмыш иш козгоого барып атабыз. Себеби аны жөнөкөй жол менен териштирип баа бериш өтө оор. Себеби булар дүйнөлүк масштабда чоң-чоң оор экономикалык кылмыштарды жасап келген.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG