Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

К. Жороевдин жактоочулары митингге чыгышты


Бүгүн Бишкектеги эски аянтка экс-президент Курманбек Бакиевдин аппарат башчысы Каныбек Жороевдин 200гө чукул тарапкери митинг өткөрүшүп, мурдагы аппарат башчысынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат. Алар колдоруна “Сунулган башты, суурулган кылыч кеспейт”, “Ак ийилет, бирок сынбайт”, “Убактылуу өкмөттөн акыйкаттыкты талап кылабыз” деген плакаттарды кармап турушат. Нааразы болгон тараптын өкүлдөрүн Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев кечинде кабыл алуусу күтүлүүдө.

Каныбек Жороевдин тарапкерлери болсо эгерде талаптары аткарылбаса Баткендеги эки миңден ашуун адам Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган автожолун тосо тургандыктарын билдиришти. Башкы прокуратура 29-апрелде К. Жороев сурак бергени келгенде камакка алынганын, ага апрелдеги кандуу окуяларга байланыштуу кызматынан пайдаланган деген айып коюлганын маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG