Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кызыл-Кыяда нааразылык акциясы өттү


Эки миңге чукул адам катышкан митингде Убактылуу өкмөт тарабынан Кызыл-Кыянын мэринин милдетин аткарууга Элмира Арапованын дайындалышына нааразы болушуп, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Алар мындан эки ай мурдагы шаар башчы, 7-апрелдеги окуядан кийин кызматтан алынган Абибилла Калмурзаевди кайрадан мэрдин кызматына дайындоо талабын коюшту.
Баткен облусунун губернаторунун орун басары Султанбай Айжигитов митингдин катышуучуларынын талабын Убактылуу өкмөткө жеткирерин, бул маселеге жакын арада чекит коюларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG