Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Мумбайга чабуул уюштургандардын бирин сот күнөөлүү деп тапты


Пакистандык Мухаммад Ажмал Касаб “Индияга каршы согуш ачкан жана адамдарды өлтүргөн” деп табылды. Бул беренелер боюнча ал өлүм жазасына өкүм этилет. Өкүм эртең уктурулат деп күтүлүүдө. 2008-жылдагы Мумбайдагы терактты уюштургандардын ичинде Касаб гана тирүү калган. Индиянын айтымында, террор актысын Пакистандагы “Лашкар-э-Тайба” деген козголоңчу топ жасаган. Анда 166 адам набыт болгон, дагы 300дөн ашуун киши жаракат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG