Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Өзбек президенти коңшуларынын суу саясатын сындады


Президент Ислам Каримовдун ишениминде, коңшулаш мамлекеттер өздөрүнүн суу саясатынын «кесепетин» ойлобой жатышат. Каримов бүгүн Азия Өнүктүрүү банкынын Ташкенде өтүп жаткан жылдык жыйынында ушинтип айтты. Өзбекстан өзүнүн пахта талааларын Тажикстандан жана Кыргызстандан чыккан суу менен сугарат. Бирок Тажикстан азыр «Рогун» ГЭСин, Кыргызстан «Камбар-Ата» ГЭСтерин куруп жатышкандыктан, өзбек пахта талаалары суусуз калышы мүмкүн. Каримов бул мамлекеттер ГЭС куруу иштеринде мунун жалпы региондогу айлана-чөйрөгө тийчү таасирин эске алышкан жок, деп айтты.

XS
SM
MD
LG