Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Убактылуу өкмөт 75 кишиден турган Конституциялык кеңешме курамын бекитип, төрагалыгына Өмүрбек Текебаев дайындалды.

Кеңешменин мүчөсү, белгилүү юрист Чолпонкул Арабаев Баш мыйзам долбоорунда президенттин бийлиги кыйла чектелип, парламенттик башкарууга артыкчылык берилгенин билдирди.

- Конституциялык кеңешме бүгүн бекитилди, ушул кеңешме качан иштей баштайт, кандай тартипте боло турган болду ишиңиздер?

- Кеңешменин өзүнүн бекитилген тартиби боюнча эртеңден баштап кеңешме өзүнүн ишин баштайт.

- Талкууга коюлган Баш мыйзам долбоорун кандай баалайсыз сиз өзүңүз?

- Талкууга коюлган долбоор бүгүнкү талапка ылайык деп ойлойм. Албетте, кемчилиги жок эч бир иш болушу мүмкүн эмес, орусча айтканда совершенству нет предела деп коет эмеспи. Сөзсүз түрдө элден түшкөн, ошонун ичинен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнөн түшкөн сунуштарды эске алып туруп, Конституциянын бүгүнкү талкуулап аткан долбоорун мындан ары да жакшыртыш керек.

- 26-апрелде сунушталган долбоор негиз иретинде сакталып калат да?

- Албетте. Себеби бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан бул долбоор жактырылып туруп, анан элге сунушталып атпайбы. Бул негизинен бүгүнкү күнгө чейин талкууланып келген, оппозициялык партиялардын ойлору негизги өзөгүн түзгөн долбоор деп айтсак болот.

- Чолпонкул мырза, ушул долбоордо Президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы эл тарабынан түздөн-түз шайланаары белгиленген. Бул жерде президенттин ыйгарым укуктары да жетиштүү деп айтылып жатат. Ушул президент менен парламент ортосунда кандайдыр бир тирешүүнү жаратпайбы?

- Бул жагынан буга чейинки болгон кемчиликтердин баары, Кыргызстандын башынан өткөн акыркы соңку жаңы тарыхындагы болуп өткөндүн баарын эске алуу менен ушундай тирешүүлөр болбосун деп президенттин бийлигине бир топ жаңы чектөөлөр коюлду. Экинчи жагы, эртең парламентте дагы диктат болбосун деп, классикалык парламенттик башкаруудан өзгөчөлүгү болуп атат.

Себеби классикалык парламенттик башкаруу болсо, анда президентти дагы парламент шайлаш керек эле. Бийликтин үч бутагын тең тең салмактап туруш үчүн президентке айрым укуктар берилип атат. Башкача айтканда бийликтин тең салмагын президенттин укуктары менен тең салмактап туруш керек. Ошондуктан бизде мурдагыдай президенттик-парламенттик аралаш же таза президенттик башкаруу болбойт. Бул жагынан салмагы жагынан парламенттик башкарууга 70-80 пайыз ташы оогон башкаруу болот деп айтсак болот.

- Демек парламенттик-президенттик башкаруу системасы десек туура болот экен да?

- Парламенттик-президенттик десек болот. Бирок толук түрдө парламенттик-президенттик деп айтууга дагы болбойт. Себеби окумуштуулар изилдеп парламенттин канча укугу, милдети, президенттин канча укугу, милдети, жоопкерчилиги каралганына жараша келечекте баа берсе болот. Башкача айтканда, парламенттик башкарууга көбүрөк ыктап атканыбыздын себеби, парламент башкарат, ички, сырткы саясатты парламент аныктайт, ошондон ары алдыга карай жылууга болот. Ошондуктан бул парламенттик башкаруу өлкөсү деп айтканга туура болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG