Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

БУУнун баш-катчысы дүйнө лидерлерин ант берүүгө чакырды


Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун дүйнө лидерлерин ядролук куралдан баш тартабыз деп дагы бир ирет ачык касам ичкенге чакырды. Баш-катчы бул тууралуу бүгүн Нью-Йоркто ядролук куралды жайылтпоо келишиминин конференциясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Конференцияга 189 мамлекеттин өкүлү катышууда. Ар беш жылда бир жолу өтчү жыйынга бул ирет Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад катышып жатат. Ал - бул жыйынга келген жалгыз мамлекет башчы. Ахмединежад азыр жыйында сүйлөп жатканда АКШ, Британия жана Франциянын өкүлдөрү залдан чыгып кетишти. Ал кечээ өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча бул келишимди «Дүйнөдө ядролук куралды жайылтпай кое албады» деп сындаган. Иран, анын айтымында, келишимди өзгөртүүнү сунуш кылат. Ал арада Тегеран өзү ушу тапта өзөктүк программасы боюнча коркунучтарды азайтууга арналган сунушту кабыл албай койгону үчүн Бириккен улуттар уюмунун жаңы санкциясына кабылып калышы мүмкүн болуп турган чагы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG