Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Индия соту пакистандык жигитти өлүм жазасына кесиши ыктымал


Сот кечээ 22 жаштагы Мохаммад Ажмал Амир Касабды Мумбай шаарында 2008 –жылы орун алган жардыруу үчүн айыптуу деп тапты. Андагы кол салуудан 166 киши каза таап, 300дөн ашуун адам жаракат алган эле. Ажмал Амир Касаб Мумбайдын кымбат баалуу мейманкаларына, жөөт борборуна жана башка жерлерине чабуул жасаган он согушкердин ичинен тирүү калган жалгызы деп эсептелинүүдө. Сот кечээ ага коюлган 86 айыптын баарын колдоду. Индия бийликтери кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан Лашкар-е-Тайба тобуна жүктөгөн. Бул окуяга катышкандыгы үчүн күнөөлөнгөн индиялык эки жаранды сот кечээ актады.

XS
SM
MD
LG