Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Маевка айылындагы жер басып алуучулар таратылууда


Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда учурда Бишкек шаарынын чет жагындагы Маевка айылынын айдоо жерин басып алышкан 1 миңге чукул адам таратылып, уюштуруучуларына кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Тартип коргоо кызматкерлери менен Бишкек шаарынын элдик ыктыярдуу кошуунунун эки миңдей мүчөсү жардам берип, Маевканын айдоо талаасынан жер басып алуучулар бошотулууда. Чүй ИИБнин билдиришинче Бишкек шаарынын чет жакасынан жер үлүштөрү берилбейт. Күч менен жерлерди басып алуучулар мыйзамдын чегинде катуу жазаланышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG