Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:40

Маевкада жер басып алуучулар таркатылды


Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда Бишкек шаарынын чет жакасындагы Маевка айылындагы айдоо аянты жер басып алуучулардан бошотулуп, ушу тапта тракторлор жер айдоого киришти. Жер басып алуучуларды уюштурган жүзгө чукул адам кармалып, учурда алар көрсөтмө беришүүдө. Чүй облустук ИИБ мыйзамсыз күч менен жер басып алгандарга жана аны уюштуруучуларга мыйзамдын чегинде катуу жаза колдонуларын эскертти.
19-апрелде Маевка айылында жер басып алуучулар менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу болуп беш адам каза болуп, кырктан ашуун адам жаракат алган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG