Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыраткан декрет чыкты


К. Бакиевди экс-президент наамынан жана кол тийбестик укугунан ажыраткан декретке бүгүн кол коюлганын "Азаттыкка" Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты боюнча координатору Фарид Ниязов бышыктады. Анын айтымында декретте К. Бакиевди бийликтен Кыргызстандын эли кулатканы, 7-8-апрелде Бишкекте кан төгүүнү уюштуруп, ал өзү мыйзамдан сыртка чыкканы белгиленет. Ошондой эле К. Бакиевди мыйзам чегинде жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга кайтарып келүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев дагы өз кезегинде К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган декреттин чыккандыгын "Азаттыкка" ырастады.(КС)

XS
SM
MD
LG