Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Грекия: Өкмөттүн чарасына өкмөттүк кызматкерлер нааразы


Грек өкмөтүнүн финансылык кризиске каршы чараларына нааразы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери эки күндүк иш таштоо башташты.

Ырасмий Афина Европа Биримдиги менен Эл аралык валюта фондунун 145 миллиард долларлык кредитин алуу үчүн социалдык чыгымдарды кескин кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
3-майда кечинде мугалимдердин тобу жумуш талап кылып, мамлекеттик телеканалдын кечки жаңылыктарды берүүсүн үзгүлтүккө учураткан.

Германиянын финансы министри Вольфганг Шойбле Грекиядан финансылык кризиске каршы планды ыкчам ишке ашырууну, болбосо Европа монетардык союзуна мүчө 15 өлкөнүн жана МВФтин кредиттерин албай каларын эскертти.

XS
SM
MD
LG