Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Югославияны "бириктирген" Брос Тито


Маршал Иосиф Брос Тито (1892-1980)
Маршал Иосиф Брос Тито (1892-1980)

Мурдагы Югославиянын коммунисттик лидери Иосиф Брос Титонун дүйнөдөн кайтканына 4-майда 30 жыл болду. Бирок ошол доорду самаган, аны даңазалаган апаздарды ыдыраган федерациянын булуң-бурчунда дале да укса болот.

2008-жылы “Россиянын тарыхый ысымы” деген интернет долбоор ишке ашырылган. Элге орус мамлекетинин тарыхындагы эң белгилүү, эң даңазалуу адамдардын ысымдарын атоо сунуш кылынган. Ошондо бир нече ай бою биринчи сапта СССРдин лидери Иосиф Сталин болуп келген эле. Долбоордун уюштуруучулары мындайды күткөн эмес окшойт, бирок соңунда Россиянын тарыхый ысымы деп Александр Невский аталды. Ошондо айрым жергиликтүү байкоочулар Сталин жеңбесин деп добуштардын бурмаланганын айтып чыгышкан.

Сталиндик репрессиялар жөнүндө канчалык айтылбасын, ошол доорду эңсөө Россияда гана эмес, мурдагы СССРдин башка жумурияттарында да байкалат. Кечээ жакында эле Украинанын Запорожье шаарында коммунисттер Сталиндин эстелигин орнотуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бийликтер ага тыюуу салуу же тоскоолдук кылуу ниети жоктугун айтышууда.

Ушул сыңары эле мурдагы Югославияда коммунисттик партиянын жетекчиси Иосиф Брос Тито доорунун жалаң жакшы жерлерин эстеп, аны самагандар четинен табылат.

Адегенде Коммунисттик партиянын биринчи катчысы, кийин Югославиянын премьер-министри жана президенти Тито федеративдик өлкөнү 40 жылдай башкарды. Анын дүйнөдөн өткөнүнө 30 жыл, ал эми анын салымы менен түптөлгөн Югославиянын ыдырашына 20 жыл болсо да, Тито эң урматталган, бөлүнүп кеткен мамлекеттин элин бириктирген фигурага айланды.

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда ал югослав партизандарынын нацисттерге каршы
күрөшүн жетектеген. Уруштан кийин Тито курамына азыркы Сербия, Монтенегро, Хорватия, Босния-Герцеговина, Словения, Македония жана Косово кирген көп улуттуу федерацияны негиздөөдө чоң роль ойногон.

Батышта Югослав лидерин Москвага туруштук бергендиги үчүн урматташчу. Тито Югославия социализм курууда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жактайт деп кайталап келген.

Латинка Перович коммунисттик партияны демократиялаштыруу чакырыктары үчүн 1972-жылы Тито тарабынан коммунисттик партиядагы кызматынан алынган. Бүгүн Перович Сербиянын тарыхы боюнча белгилүү адистердин бири. Анын айтымында, Тито улуттараралык жаңжалдардан жабыркаган регионго стабилдүүлүк алып келген “жумшак диктатор” катары тарыхта калат. Анын аракеттери менен Югославия чабал, агрардык өлкөдөн өнөр жайы өнүккөн мамлекетке айланды.

Босниядагы Поситель шаарынын имамы Жемал Гадара Тито убагындагы диний толеранттуулукту эскерет:

- Югославия эң мыкты өлкө болчу. Тито улуу мамлекеттик ишмер эле. Мен дүйнөнү көп эле кыдырдым. Бирок ал жактагыдай эркиндиктер эч жакта жок болчу.

Норвегиядагы илим жана технологиялар институтунун профессору Сабрина Рамей Титонун реформалары эл күткөн үмүттү актаган дейт:

- Кээде бул жөн гана эски доорду эңсөө. Аны менен катар Тито заманынын терс жактарын эстеп, сын көз караш менен карагандар да жолугат. Бирок ал жылдары өлкөдө тынчтык, биримдик өкүм сүргөнүн эч ким тана албайт. Ал кезде Югославия чоң өлкө, эларалык сахнадагы маанилүү оюнчу болчу. Анын азыркы мураскеринин бири да андай деңгээлге жетелек.

Жылга 4-майда Титонун туулган жери Хорватиядагы Кумровец шаарына миңдеген адам чогулуп, “Югославиянын атасын” эскеришет. Словенияда жаштар Титонун сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип жүргөнүн көрсө болот. Хорватия менен Боснияда анын элесин сактап калуу үчүн уюмдар түзүлүүдө. Титонун Белграддагы мүрзөсүнө өткөн күндөрү миңдеген адам барып кетти.

XS
SM
MD
LG