Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Транспорт прокуратурасы М.Бакиевге тиешелүү фирмаларды текшерүүгө алды


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Транспорт прокуратурасы “Манас” абамайданындагы Транзиттик борборго авиа күйүүчү майларды ташып жеткирүү боюнча мыйзамдуулукту текшерип жатат. Буга байланыштуу Кылмыш Жаза кодексинин 303-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголгон.

“Учурда экс-президенттин уулу Максим Бакиевге жана анын жакындарына тиешелүү «Манас Фьюэл Сервисез», «Кыргыз Авиаэйшн», «Сентрал Эйша Фьюэл», «Авиейшн Фьюэл Сервис», «Эйр Крафт Петрол Лимитет» жана «Централ Эйша Трейд групп» фирмалары текшерилүүдө”,-дейт У.Дыйканбаев.

Ал ошондой эле авиа күйүүчү майларга төмөнкү акциздик салык коюлуп “Түндүк” жана “Манас” бажы бекеттери аркылуу 1 миллион 807 миң тонна ташылып, реактивдүү май менен негизги камсыз кылуучу Red Star Enterprises менен Limited и Mina Corp Limited компаниялары Лондондо жана Гибралтарда катталганын кошумчалады.

Максим Бакиев өлкө аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргызстанда бизнеси жок экендигин билдирген болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG