Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Түркия: Генерал жана прокурор кутумга катышты деп соттолууда


Эрзурум шаарында Түркиялык генерал жана прокурорго каршы сот башталганын жарым өкмөттүк "Анадолу" агенттиги кабарлады. Түркиянын Үчүнчү армиясынын командири, генерал Салдирай Берк жана прокурор Илхан Чихангер исламчылар башындагы өкмөткө каршы кутумга катышты деп күнөөлөнүүдө. Алар дагы 12 адам эки ай мурда өлкөдө саясый баш аламандык уюштурууга жана бийликтеги АК партияга (Адилеттик жана өнүгүү партиясы) каршы кутум пландады деп шектелип кармалган. Генерал Берк айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG