Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

А. Лукашенко К. Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербейт


Бул тууралуу Белорустун президенти Александр Лукашенко 4-майда “Reuters” маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди. А. Лукашенко ага расмий түрдө буга чейин эч ким кайрыла электигин, эгер кайрылуу болсо да ал аткарылбасын айтты. К. Бакиев азыркыга чейин президент экенин, аны ыйгарым укуктарынан эч ким ажыраткан жоктугун белгиледи. Эгер кызматынан чегине турган болсо да аны кабыл алар эч ким жок, анткени парламент да таркатылган, дейт А. Лукашенко. Убактылуу өкмөт азырынча Белорус президентинин пикири боюнча расмий билдирүү тарата элек. Кечээ, 4-майда убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева К. Бакиевдин экс-президент наамынан жана кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу декретке кол койду. К. Бакиев апрелдеги кандуу окуяларда массалык кыргын уюштурган жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. Апрель ыңкылабында кеминде 85 адам өлүп, миңдеген адамдар жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG