Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Түркия: 8-беренеден чыккан чуу


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын парламенти Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап жатат. 3-майдагы отурумда саясий партиялардын ишин токтотууну татаалдаштырган берене күтүлбөгөн жерден четке кагылып, мындан улам бийликтеги АК партиянын Конституциялык реформа жүргүзүү планына залакасы тийди.

Мындан 2 жыл мурда Конституциялык Сот тарабынан жабылып кала таштап, айып пул төлөп кутулган АК партия Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна сунуштаган.

Оппозициялык маанайдагы “Жумуруят калк” жана “Улутчул аракет” партиялары мыйзам долбоорунун четке кагылган 8-беренесине, Конституциялык Сот жөнүндөгү 17-беренесине, Сот жана прокурорлор жогорку коллегиясынын курамындагы мүчөлөрдүн санын көбөйтүүнү көздөгөн 23-беренесине нааразылыгын билдиришти. АК партия эгерде мыйзам долбоору парламентте талап кылынган добушту албай калса аны референдумга койо турганын жар салды.

3-майда 8-беренеге каршы добуш бергендердин арасында АК партиянын бери дегенде 8 мүчөсү болгону маалымдалды. Добуш берүү жашыруун болгондуктан АК партия өз катарында ким каршы добуш бергенин аныктай алган жок.

Оппозициядагы “Жумуруят калк” партиясынын лидери Деңиз Байкал 8-беренеге каршы добуш бергендерди көкөлөтө мактап, бул берененин өтпөй калганын демократиянын жеңиши катары баалады. Деңиз Байкал талкуу учурунда АК партияны жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн өлкөнү диктатуралык режимге жетелеп баратат деп айыпташы парламентте ызы-чууга себеп болду.

8-берене өтпөй калган соң сөз сүйлөгөн Деңиз Байкал өкмөт башчыга буларды айтты:

- 8-берененин өтпөй калганы - демократиянын жеңиши. Эгерде биз каршы болуп келген 2 берене тең өтпөй калган абалда, биз талкуулардын экинчи айлампасында мыйзам долбооруна толук колдоо көрсөтөбүз. Бул аркылуу мыйзам долбоорун референдумга коюуга деле керек калбайт.

Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер Түркияда 1980-жылдагы аскердик төңкөрүштөн эки жыл өткөн соң кабыл алынган Конституциядан бери 20 саясий партия жабылды. Жалпы жумуруяттын тарыхында жабылган партиялардын саны болсо 26. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган партиянын жыйынында буларды билдирди.

- Түркияда бүгүнкү күнгө чейин 26 партия жабылды. Элдин эркин урматтабай жатышат булар. Бизди диктатура деп сындагандар, кечээ күнкү добуш берүүдө мунун андай болбогонун көрүштү жана өз депутаттардын айрымдары бизге каршы добуш беришти. 8-беренеге колдоо көрсөтпөгөндөрдү калктын өзү жоопко тартат. Токтоп калмай жок. Баштаган жолубузду улантабыз.

XS
SM
MD
LG