Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Совет доору урагандан кийин 1993-жылдын дал ушул күнү легендарлуу парламент өлкө баш мыйзамын кабыл алган. Бул күн эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхында зор саясий мааниси бар күн катары каралган менен буга чейинки эки бийлик Конституцияны каалагандай өзгөртө берип, анын кадыр-баркын түшүрдү деген пикирлер арбын.

Эгемен Кыргызстандын 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституциясы Франциянын варианты менен алынып, Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүп, күчтүү парламент түзүлгөн. Ал эми Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы өз күчүн жоготкон. Баш мыйзам кабыл алынган 17 жыл аралыгында жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Ушундан улам да саясий серепчилер Баш мыйзамдын таанылгыс абалга келгенин айтышууда.

Акыркы Конституция мыйзамдарды бузуу жолу менен кабыл алынып, бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн жасалып, Кыргызстанда тоталитардык режимди беките турган Конституция болуп калгандыгын легендалуу парламентте депутат болгон, юрист Мукар Чолпонбаев айтып келатат. Ошентсе да ал эгемен өлкөнүн алгачкы Баш мыйзамын түзгөн адамдардын бири катары бул күндү майрам деп эсептерин белгиледи:

- Албетте, бул күн мен үчүн майрам. Эгемен мамлекет катары, башка мамлекеттин курамында эмес өз алдынча кабыл алган биринчи Констиуция ушул болгон. Бул эгемендүүлүктү жарыялаган Конституция. Ошондуктан бул майрам калыш керек.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев буга чейинки эки президент тең Баш мыйзамды каалагандай калчап, өзгөртүп, кадыр-баркын түшүрдү деген оюн билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда Конституция тууган-урук, жакындарына ылайыкталып өзгөртүлүп келген.

- Конституицяны колдонбой, мындайча айтканда Конституция эл үчүн, алар үчүн бөлөк өзүнчө мыйзам болгон. Баш мыйзамдын бетине көө жапкан эки үй-бүлө болду. Ошо үчүн анын баркы жок. Күчтүү мамлекет болуш үчүн аскер тартипүү башчы, темир тартиптүү мыйзам керек. Ошол демократия деп эсептелет.

Буга чейин бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиев бийликке жаңы келген жылдары өз сөзүндө Конституция кабыл алынган 5-Май мамлекет тарыхында зор саясий мааниси бар күн катары кала берерин, 15 жыл аралыгында баш мыйзамга бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилгенин, 2005-жылга чейинки өзгөртүүлөр саясий кызыкчылык үчүн багытталганын белгилеп келген.

Бирок Бакиев өзү бийликте турган кезде да Баш мыйзамды бир нече жолу өзгөртүүгө үлгүрдү. Ал өзгөрүүлөрдү ар кандай саясий кызыкчылыкты көздөп киргизилген жоболордон арылуу максатында деп түшүндүрүп келген.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Конституциялык реформаны жетектеп жаткан Өмүрбек Текебаев да 5-Май Кыргызстан тарыхындагы өзгөчө күн экенин белгилеп, бул күн майрам катары кала берерин Конституциялык кеңешменин биринчи жыйынында айтып өттү.

Бирок Убактылуу өкмөт бул күнгө карата эч кандай иш-чара уюштурган жок. “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов буларды айтты:

- Жок, эч нерсе болбойт. Кайсы Конституция? Баекова (Чолпон Баекова – Конституциялык соттун мурдагы төрайымы – авт.) менен Акаевдин (экс-президент) Конституциясын эмне кылабыз майрамдап.

Апрел ыңкылабынан кийин оппозициялык күчтөр түзгөн Убактылуу өкмөт өлкөдө парламенттик башкарууну орнотуу максатын жар салып, кезектеги конституциялык реформа боюнча бүткүл элдик талкууну баштады.

Ал ортодо айрым жаштар Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүгө каршы болуп, Ак үй алдында пикетке чыгышып, 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүүнү талап кылышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG