Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Грецияда жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат


Грециянын борбору Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты. Тартип коргоочулар парламент алдына чогулгандарга каршы жаш агызуучу газ колдонду. Бүгүнкү демонстрация жана жалпы улуттук иш таштоо өкмөттүн салыктарды көбөйтүү, пенсия көлөмүн кыскартуу жана маяналарды азыркы деңгээлде кармап туруу өңдүү планына каршылыгын билдирүү иретинде уюштурулган. Грек бийлиги мындай катаң чараларды Евробиримдик менен Эларалык валюта корунан карыз алуу үчүн көрүп жатат. Алар Грецияны банкроттуктан сактап калуу үчүн 110 миллиард евро бөлүү чечимин кабыл алышкан. Бүгүн өлкө аймагы боюнча бардык транспорт токтоп турат, коомдук жайлардын көбү иштешкен жок.

Анын аралыгында бүгүн Германия канцлери Ангела Меркел депутаттарга кайрылып, Грецияга көмөк көрсөтүлбөсө, кризис Европанын башка өлкөлөрүн каптап, шаркеттин келечегине кооп туулушу мүмкүн деди. Германия парламенти жогоруда сөз болгон жардамдын алкагында Грецияга 22 миллиард евро бөлүү жөнүндөгү жобону жума күнү колго салмакчы.

XS
SM
MD
LG