Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Согуш ардагерлери Нарындын ардактуу атуулу болушту



Нарын шаардык кеңештин депутаттары 5-майда Нарын шаарында жашап жатышкан Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагерин Салкын Төр мамлекеттик улуттук паркына алып барып сый тамак беришти. Аны менен катар алардын он бирине Нарын шаарынын ардактуу атуулу наамы жана төш белгиси тапшырылды. Нарын шаарынын депутаты, ооган согушунун ардагери Таалайбек Жээнчороев он үч ардагердин ар бирине миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сейитказы Андабеков быйыл аларга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.(JA)

XS
SM
MD
LG