Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Москва шаарынын Генпланы жактырылды


Москва шаарынын Думасы орус баш калаасын өнүктүрүү планын акыркы окууда кабыл алды. Долбоор 15 жылга мерчемделген. Шаар кеңешинде Бириккен Россия партиясынын өкүлдөрү үстөмдүк кылышат. Генпланга ылайык, 2025-жылга чейин шаарда ири курулуштар ишке ашырылмакчы. Ага макул болбогондор Москванын жака белиндеги тарыхый жерлери жок болуп кетет жана жол тыгындылары көбөйөт деп ырасташат. Сынчылар ошондой эле мэр Юрий Лужковду маселеге көңүл кош мамиле жасап жаткандыгы үчүн айыпташууда. Бир нече киши Генпландын кайра каралып чыгышын талап кылып, Москва Думасынын алдына чогулушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG