Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы жөөт өкмөт башчысы менен жолукту


Жорж Митчелл Жакынкы Чыгышка Израиль менен Палестина ортосунда тикелей эмес сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үмүтү менен келди. Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, анын Израилдин премьер- министри Биньямин Нетаньяху менен кечээги сүйлөшүүсү “жакшы жана жемиштүү” болду. Израиль тараптын айтымында, Нетаньяху менен Митчелл бүгүн да жолугат. АКШнын чабарманы ошондой эле палестин президенти Махмуд Аббас менен да кездешет. Палестин тарап сүйлөшүүлөрдөн Израилдин өкмөтү талаштуу аймактарда конуштардын курулушун токтотууга көнбөгөнүнөн улам баш тарткан.

XS
SM
MD
LG