Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Мексика булуңунда мунай агымын токтотуу операциясы башталган жатат


Учурда кеме Луизиана штатынын мунай агып жаткан жээгине формасы үкөк түспөлүндөгү, салмагы 100 тонна келген темирбетон куйгучту алып бара жатат. Ал жабдуу сууга, 1250 метр тереңдикке түшүрүлүүсү керек. Жабдууда түтүктөр орнотулган. Алар аркылуу агып жаткан мунай танкерге куюлмакчы. Деңизге кара май Мексика булуңунда, “Бритиш Петролиум” компаниясына караштуу мунай бургулоочу платформада орун алган авариядан кийин агып жатат.

XS
SM
MD
LG