Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

К. Дүйшөбаев: К.Бакиевдин бир туугандарын кармоо - учур маселеси


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал тартип коргоо органдарынын айрым кызматкерлери күндүз мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир туугандарын издеп, түндө аларга тамак-аш ташып берип жаткандай болууда деген пикирин билдирген. К.Дүйшөбаев ошондой эле Бакиевдин туугандары эч жакка качпай турганын, мурдагы бийлик беш жылда жасаган ишин бир айда жоюу жана тартип коргоо органдарында иштеп жаткан мурдагы бийликтин тарапкерлерин бир айда тазалоо мүмкүн эместигин айтты. Ал бир канча убакыттан кийин Курманбек Бакиевдин ар бир жактоочусу сот алдында жооп берээрин белгиледи. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG