Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

УКК: Акмат, Жаныш, Максим, Марат Бакиевдердин кайда экени белгилүү


Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айрым туугандары болжолдуу кайда экени тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Анын айтымында, экс-президенттин бир туугандары Акмат жана Жаныш Бакиевдер Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан аймактарында жылып жүрөт. Дагы бир иниси Марат – Европада, баласы Максим Прибалтика, экинчи баласы Марат Казакстанда. К.Дүйшөбаев УККнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун Англияда экенин кабарлап, жогорудагы айтылган өлкөлөрдүн бардыгына алардын изделип жатканы туурасында материалдар жөнөтүлгөнүн айтты.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев 7-апрелден соң бийликтен четтетилген президент К.Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге, уулдары Марат менен Максим Бакиевге кылмыш иши козголгонун айткан. Мындан сырткары Мурат Суталиновго, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго сырттан кылмаш иши козголгонун, алар изделип жатканы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG