Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

УКК Бакиевге жакын 20 адамды суракка алды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Маалыматка ылайык буга чейин мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова, “Флекси Комуникейшн” агенттигинин жетекчиси Вугар Халилов, Өнүктүрүү фонддун байкоочулар кеңешинин мурдагы төрагасы Мелис Эшимканов, мурдагы депутат Сергей Ибрагимов, 7-апрелдеги ыңкылапка чейин Президенттик катчылыктын башчысы болуп келген Оксана Малеваная, Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясынын жееткчиси Улугбек Ормонов, мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев сурак берген.

Ушул тапта алардын ичинен М.Конгантиев, Б.Калыев, О.Малеваная жана К.Жороев камакта экенин Баш прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG