Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

АКШнын чабарманы Жакынкы Чыгыштагы сапарын улантууда


Жорж Митчеллдин бүгүн Израилдин президенти Шимон Перес, коргоо министри Эхуд Барак менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Андан соң ал палестин президенти Махмуд Аббас менен жолугуу үчүн Рамалла шаарына барат. Митчелл аймакка Израиль менен Палестинанын ортосунда ортомчулар аркылуу сүйлөшүүнү жандандыруу үмүтү менен келген. Эртең Аббас лидерлик кылган Палестинанын боштондук уюму төрт айлык мөөнөткө Израиль менен түз эмес сүйлөшүү сунушун бекитери күтүлүүдө. Палестин тарап Израиль менен тикелей сүйлөшүүдөн ал талаштуу аймактарда жөөт көнуштарынын курулушун токтотууга көнбөгөнүнөн улам баш тарткан.

XS
SM
MD
LG