Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Британияда парламенттик шайлоонун добуштары саналууда


Добуш берүү кечээ өттү. Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун же экзит -полдордун жыйынтыгына караганда, бир дагы партия парламентте өз алдынча өкмөт түзө алгыдай орунга ээ болбойт. Бирок экзит –полдор алдыга оппозициядагы Консервативдик партия чыгып, парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун 305- 307син, бийликтеги Лейбористтик партия 255ин, ал эми үчүнчү саясий күч: Либерал – демократиялык партия 59 орун алары көргөзүүдө. Калган 29 орун майда партияларга тийчидей. Консерваторлордун лидери Дэвид Камерон Лейбористтик партия башкаруу мандатынан ажыраганын билдирди. Акыркы 13 жылдан бери Британияны Лейбористтик партия түзгөн өкмөт жетектеп келди. Бир партиялуу өкмөт куруу үчүн парламенттен кеминде 326 орун талап кылынат. Жалгыз партия мынчалык орунга ээ болбогон учур Британияда акыркы ирээт 1974 –жылы катталган.

XS
SM
MD
LG