Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

7-апрелдеги окуялар үчүн 12 адамга кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирип, Баш прокуратура тарабынан 7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча үч комиссия жана эки тергөө тобу түзүлгөнүн айтты. Өкмөт үйүнүн алдында, Ала-Тоо аянтында болгон кан төгүүлөргө байланыштуу атайын тергөө тобу иш алып барып, анын жыйынтыгында 12 адамга кылмыш иши козголду. Алардын ичинен мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев жана экс-президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев учурда камакта болгону маалымдалды. Бекназаров экс-президент Курманбек Бакиевге да Кылмыш кодексинин 97 жана 305-беренелери боюнча айып коюлуп, аны Кишинев конвенциясынын негизинде кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG