Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Бишкекте менчик микроавтобус ээлери митингге чыгышты


Бишкек мэриясынын алдында 400гө чукул айдоочулар митингге чыгып, мурдагы мэр Нариман Түлеевдин убагында жабылган маршруттарды калыбына келтирүү талабын коюшууда. Бул тууралуу “Акжолтой” транспорттук фирмасынын кызматкери Калыбек Касымбеков “Азаттыкка” билдирди. “Авангард”, “Кут консун”, “Байзак аска”, “Акжолтой”, “110” жана башка бир катар маршруттук такси ишканалары Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдон мурда жоюлган маршруттарды калыбына келтирүүнү суранып жатышат.

Алардын айтымында, мурдагы мэр Нариман Түлеев ондогон маршруттарды негизсиз жоюп салып, алардын ордуна чыгашадан башы чыкпаган Кытай автобустарын киргизген. Натыйжада 500 дөн ашык маршруттук таксинин айдоочулары ишсиз калышты, ал эми шаарды курчаган жаңы конуштардын бир тобуна транспорт барбай калды. (EK)

XS
SM
MD
LG