Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Евро аймактын лидерлери Грекияга көмөк көрсөтүү маселесин талкууламакчы


Бүгүн Белгиянын ордо шаары Брюсселге евро акча бирдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери чогулууда. 16 мамлекеттин лидерлери Грекияны каржылык туңгуюктан сактап калуу үчүн чукул арада бул өлкөгө 110 миллиард евро көлөмүндө насыя берүү тууралуу талкуулашат. Бул каражат да жетишсиз болуп калат ко деген санааркоолор да бар. Бүгүн Германиянын парламенти Грекияга каржылык жардам берүү маселесин добушка коймокчу. Германия Грекияга евро аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен көбүрөөк каржылык жардам сунуштап жатат. Грекиядагы каржылык кризис башка өлкөлөргө да жайылабы деген чочулоодон улам баалуу кагаздар базарынын жана евронун наркы ого бетер төмөндөй түштү.

XS
SM
MD
LG