Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Масилет кеңешинин биринчи жыйыны өттү


Бүгүн убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын катышуусунда Масилет кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Өз сөзүндө Отунбаева бир ай ичинде убактылуу өкмөт алгылыктуу иштерди жасагоо үлгүргөнүн, эң негизгиси өлкөдө туруктуулук орногонун белгиледи. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча конкреттүү долбоор иштелип жатканы кабарланды. Убактылуу өкмөт төрайымы Масилет кеңешинин жыйынына катышып жаткан саясий партия, жарандык коом, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн тыкыр кызматташууга чакырып, бир айда бир жолу жыйналып туруу сунушун киргизди. Жыйын катышуучулары убактылуу өкмөт көбүнчө саясий маселелерди чечүү менен алектенип, өлкөнүн экономикалык өнүгүү жагын көз жаздымда калтырып жаткандыгын айтышты. Роза Отунбаева сунуштардын баарын убактылуу өкмөт эске алаарына ишендирди. (EK)

XS
SM
MD
LG