Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

И.Масалиев айрым аймактарда абал туруксуз деп эсептейт


Таратылган Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев Убактылуу өкмөт Бишкекте жана Чүй облусунда гана кырдаалды көзөмөлдөп жатканын, ал эми калган аймактарда абал туруксуз экендигин айтууда. Бул жөнүндө коммунисттердин лидери Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морель менен жолугушууда билдирди.

Бирок убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, башка айрым саясатчылар Исхак Масалиевдин мындай баасына макул эмес. Алар өлкөдө толугу менен туруктуулук орноп, өлкөнүн бардык аймактары Убактылуу өкмөттүн көзөмөлүнө өткөнүн айтышууда.

Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева да Масилет кеңешинин бүгүнкү алгачкы жыйынында бир ай ичинде убактылуу өкмөт алгылыктуу иштерди жасагоо үлгүргөнүн, эң негизгиси өлкөдө туруктуулук орногонун белгилеген. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG