Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Британ консерваторлору коалиция түзүү аракетинде


Бейшембидеги парламенттик шайлоодо оппозициячыл консерваторлор 300дөн бир аз ашыгыраак мандат топтошту, бийликтеги лейбористтер 255, либерал-демократтар 54 орун алды. 650 орундуу британ парламентинде көпчүлүк добушка ээ болуш үчүн кеминде 326 округда жеңүү зарыл. Бир да партия андай жыйынтык көргөзө албай, эми консерваторлор лидери Дэвид Камерон либерал-демократтарга кеңири сунуш менен чыгаарын билдирди. “Британияны ушу тапта артка тартып жаткан карыздар маселеси, терең социалдык проблемалар жана натыйжасы аз саясий системаны чогуу оңдоп, өлкөнү алдыга сүрмөлөп кетүүнү сунуш кылабыз”, - деди Камерон. Азыркы премьер Гордон Браун консерваторлордун сунушу колдоо таппаса, либерал-демократтар менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG