Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ким Чен Ер ядролук куралсыздандырууну колдойт


Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүү токтоп калганына карабай, ырасмий Пхеньян ядролук куралсыздандыруу жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү колдойт. Ошондой эле Пхеньян талаштуу маселени “тынч, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө кызыкдар”. Мындай билдирүүнү Коммунисттик Кореянын көсөмү Ким Чен Ер Бээжиндеги сапары маалында жасады.

Эки ядролук бомбаны жана баллистикалык ракеталарды сынагандан улам чыккан нааразылыктарга байланыштуу Түндүк Корея былтыр алты жактуу сүйлөшүүгө катышпай койгон.

Сүйлөшүүнүн максаты Пхеньянды ядролук программасынан баш тарттырып, ордуна финансылык жана энергетикалык жардам сунуш кылуу болчу.

XS
SM
MD
LG